Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 17-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге туулган күнү менен куттуктоо жөнөттү. 

“Азыркы учурда кыргыз-герман мамилелери өнүгүүнүн жаңы этабына чыгууда, биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү таламдарына жооп берүү менен өз ара пайдалуу негизге ээ болууда”, - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы мындай деп баса белгиледи: “Эки тараптуу өнөктөштүктүн конструктивдүү мүнөзүнүн жаркын күбөсү 2012-жылдын декабрындагы ак ниеттүү сүйлөшүүлөр болду. Анда Сиз Кыргызстандагы демократиялык жана социалдык-экономикалык реформалардын багытын мындан ары да колдоого даярдыкты билдиргенсиз”.

Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелге чың ден соолук жана герман элинин гүлдөп-өсүүсү үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү мындан аркы да ийгиликтерди каалады.

2013-жыл 17-июль