Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матеновду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 17-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти,  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матеновду кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын күзөтүү жана коргоо маселелери талкууланды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Президентке өлкөнүн чек ара бөлүктөрүн күчөтүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев чек арадагы чыңалууну азайтуунун маанилүүлүгүнө жана чек арага жакын райондордун коопсуздугун камсыз кылууга көңүл бурду.  

2013-жыл 17-июль