Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Курманакун Матенов Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 15-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Матенов Курманакун Убанкожоевич Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка жарлыгы менен Усубалиев Таалайбек Кадыркулович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын убактылуу жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

2013-жыл 15-июль