Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасында тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2013-жылдын 12-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу топтун жетекчиси, «КСДП» фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» 2013-жылдын 1-июлундагы Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасында тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү.

Отурумдун катышуучулары стратегиялык документти даярдоо маселелерин талкуулашты.

“Кыргыз Республикасындагы тил саясатынын негиздери акыркы жылдарда кабыл алынган стратегиялык документтерде, анын ичинде мамлекет башчысынын жакында жарыяланган жарлыгында камтылган. Биз анда мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун өнүктүрүү жана тил саясатынын майнаптуулугун жогорулатуу боюнча милдеттерди чечүү үчүн мындан аркы чаралар аныктала турган сапаттуу өнүмдү берүүбүз керек. Келиңиздер, бизге Президент жана коомчулук арткан ишенимди актоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайлы”, - деп белгиледи жумушчу топтун жетекчиси Чыныбай Турсунбеков.

Жумушчу топтун мүчөлөрү иш планын бекитишти, өз ара аракеттин натыйжалуулугун камсыздоонун принциптерин жана методдорун аныкташты, төмөнкүдөй тематикалык багыттар боюнча топторду түзүштү: тилди окутуунун жана стандартташтыруунун методологиясы; тил чөйрөсүндөгү башкарууну оптималдаштыруу; мамлекеттик тилдин беделин жогорулатуу жана жайылтуу.

Жумушчу топтун кийинки отуруму үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда болот.

Маалымат үчүн: КР Президентинин жарлыгында жумушчу топко 2013-жылдын 1-октябрына чейин өлкөдө 2014-2020-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча тутумдаштырылган сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке берүү тапшырмасы берилген.

2013-жыл 12-июль