Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ыйык Орозо айынын башталышы менен мекендештерибизди куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 8-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Анда мындай деп айтылган:

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Кыргызстандын мусулмандары!

Ыйык Орозо айын дүйнө мусулмандары жакшы тилек, чоң үмүт менен күтүшөт. Орозо айы - тазалануунун, ынтымактын, кечиримдүүлүктүн жана кайрымдуулуктун айы.

Орозодо адамдар тынчтык жана бейпилдик, ден соолук жана бакубаттык тилеп Жаратканга кайрылышат.

Тилегиңер ишке ашып, орозоңор кабыл болсун. Сиздерди ыйык Орозонун башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Кыргыз Республикасынын  

Президенти                                                                            Алмазбек Атамбаев”

 

2013-жыл 8-июль