Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жаңыдан шайланган курамы менен жолукту

Бүгүн, 2013-жылдын 6-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жаңыдан шайланган курамы менен жолукту.

Төмөндө Президенттин сүйлөгөн сөзүн келтиребиз:

“Урматтуу Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишке киришүүсү менен куттуктайм!

Касымалиев Мукамбет Шадыкановичти Конституциялык палатанын төрагалыгына, Мамыров Эркинбек Тобокеловичти Конституциялык палатанын төрагасынын орун басарлыгына жана Айдарбекова Чынар Аскарбековнаны Конституциялык палатанын катчылыгына шайлангандыктары менен куттуктайм.

Конституциялык палатанын жаңыдан шайланган курамы  Кыргызстандын Конституциясына таза жана ак ниети менен кызмат кылып, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин, мамлекеттин жана коомубуздун кызыкчылыктарын натыйжалуу коргойт деп ишенем.

Урматтуу Конституциялык палатанын судьялары!

“Өткөндү унутсаң – алдыга баскан жолдон адашасың” деген сөз бар.

1993-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясын коргоо үчүнтүзүлгөн Конституциялык сот өз милдетин аткара алган жок. Тескерисинче, Конституцияны тебелетип, үй-бүлөлүк башкарууну орнотууга жардам берген.

Бүгүнкү  күндө соттордун эң башкы милдети – элдин, коомчулуктун ишенимин кайтаруу.

Конституцияны жана укукту сыйлап-урматтаганга үйрөтүү – эң татаал милдет. Бүгүнкү күндө жарандарыбыз мыйзамды урматтайт деп айтуу кыйын.

Конституция жарандарга өз укуктарын коргоого, алар бузулган учурларда толугу менен аны калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок, жарандар өз укуктары үчүн мыйзам чегинде күрөшүүнү үйрөнө элек. Жарандарыбыз өздөрүнүн конституциялык укуктарын коргоо үчүнКонституциялык палатага кайрылып, суроолоруна жооп тапканга үйрөнүшсө, бара-бара мамлекеттик түзүмдөр да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да адамдардын укуктарын бузуудан алыс болот эле.

Ар бирибиз өз укуктарыбызды билип,  алар мыйзам жана Конституция менен корголорун эсибизден чыгарбасак.

Ошол эле учурда Конституциянын айрым жоболору, мисалы адам укуктары жөнүндө бөлүгү, декларативдүү мүнөзгө ээ экендигин моюнга алыш керек.

Конституциялык палата мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө таасир этүүгө, аны көзөмөлгө алууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Палата мыйзамдардын Конституцияга дал келишин аныктап, мазмунун чечмелеп, түшүнүк берет.  Конституциялык палатанын бул укугу мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин иш милдеттерин так бөлүштүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Конституциялык палата этностор аралык ынтымакты, тынчтыкты жана Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоого өз салымын кошот деп ишенем. Конституция боюнча мыйзамдын алдында бардык жарандар улутуна, тилине, түсүнө карабастан тең укуктуу.

Урматтуу Конституциялык палатанын судьялары!

Өлкөбүздө жүрүп жаткан саясий процесстерде Конституциялык палатанын ролу зор болору шексиз. Ошол эле учурда сиздер Конституциялык соттун саясий оюндарга аралашып кетүүсүнө жол бербешиңер керек! 

Сиздер Конституцияны коргоп, мыйзамды ыйык тутасыздар деп ишенгим келет. Чечимдериңиздер менен өлкөдөгү тынчтыкты, бейпилдикти, туруктуулукту бекемдейсиңер деп, өлкөбүздүн  өнүгүшүнө зор салымыңыздарды кошосуздар деп ишенем.

Унутпагыла, сиздердин негизги милдетиңиздер – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын үстөмдүүлүгүн жана анын түздөн-түз колдонулушун, бийликтин тең салмактуулугун жана так чектелишин, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо!

Ишиңиздердин башталышы менен дагы бир ирет куттуктайм!

Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, ишиңиздерде ийгилик  каалайм!”

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын курамы:

- Мукамбет Касымалиев - КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы;

- Эркинбек Мамыров - КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары;

- Чынара Айдарбекова - КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы;

- Жумадил Макешов - КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы.

- Айсалкын Нарынбекова - КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы.

- Чолпон Осмонова - КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы.

- Меергүл Бобукеева - КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы.

- Клара Сооронкулова - КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы.

- Эмиль Осконбаев – КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы.

Жолугушууда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Феруза Жамашева жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев катышышты.

2013-жыл 6-июль