Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 2013-жылдын 5-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны  болуп өттү.

Коргоо кеңеши  аскердик коопсуздукту, өлкөнүн стратегиялык объекттеринин коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу  бир катар актуалдуу  маселелерди карап чыгып, чечим кабыл алды.

Тактап айтканда, Коргоо кеңеши Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасын – өтө маанилүү  стратегиялык документти талкуулап, бекитти. Аскердик доктрина тынч заманда жана согуш учурунда аскердик коопсуздукка коркунучтарга тиешелүү деңгээлде жооп берүүгө жөндөмдүү, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, территориалдык бүтүндүгүн жана конституциялык түзүлүшүн коргоону, ошондой эле кабыл алган эл аралык милдеттенмелерин аткарууну кепилдикке алган мамлекеттин натыйжалуу аскердик уюмун, анын ичинде заманбап куралдар жана техника менен камсыздалган кесипкөй Куралдуу күчтөрдү түзүүгө багытталган.

Ошону менен бирге Коргоо кеңеши Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасын реформалоонун негизги багыттарын иштеп чыкты, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесин карап чыгып, бекитти.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча   Коргоо кеңеши  кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштамаларды иштеп чыкты.

 

2013-жыл 5-июль