Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 5-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Анда мындай деп айтылган:

“Урматтуу медициналыккызматкерлер!

Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Ак халатчан дарыгерлер  ар бирибиз үчүн - илгери үмүттүн жана боорукерликтин белгиси. Сиздер  ар дайым жакшылыкка жол ачып, оору сыркоодон сакаюуга шарт түзүп,  кээде өмүрдү ажалдан арачалап каласыздар.

Ден соолук – бул чоң бакыт.  Ошол бакытты көп жылдарга сактап калууга сиздер – мээрман дарыгерлер көмөктөшөсүздөр.

Оорудан айыктырат деп Сиздерден кыйналган кезде жардам, мээримдүү мамиле күтүшөт. Ошондуктан ар бириңер ишиңердин жоопкерчилигин жогору сезип, берген антыңарга бекем турасыңар деп ишенем.

Кесипке берилгендигиңиздер, эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Сиздерге жана жакындарыңарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм!

Кыргыз Республикасынын        

Президенти                                                                        Алмазбек Атамбаев

2013-жыл 5-июль