Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзү

“Урматтуу Коргоо кеңешинин мүчөлөрү, жыйындын катышуучулары!

Бүгүн өлкөбүздүн жаңы Аскердик доктринасын кеңири талкуулап, буюрса бекитебиз. Бул документ  Кыргызстандын аскердик коопсуздугу жана мамлекетти коргоону камсыз кылуу үчүн зор мааниге ээ.  Аскердик доктрина мамлекеттин коргоо саясатын, аны ишке ашыруу принциптерин жана формаларын аныктайт.

Жаңы Аскердик доктринада Куралдуу күчтөрдүн башкаруу системасын түп тамырынан өзгөртүү каралган.

Күн тартибиндеги экинчи маселе жаңы Аскердик доктрина менен тыгыз байланышта. Ошондуктан экинчи маселе боюнча кабыл алынуучу чечимди жаңы доктринанын айрым бөлүктөрүнүн ишке ашырылышы деп бааласак болот.

Урматтуу коллегалар!

Сиздерге белгилүү болгондой, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн башкаруунун Бирдиктүү борборун түзүү зарылчылыгы каралган.

Кыйын кырдаалдарда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ич ара кызматташуусунун чабалдыгы жалпы мамлекеттик башкаруунун эң талуу жери экендигин акыркы жылдардагы тажрыйбабыз тастыктады. Башкарууда кетирилген катачылыктар болсо айрым учурларда оор жоготууларга, ал тургай жарандарыбыздын курмандыктарына алып келээрин билебиз.

Кыйын кырдаалда Куралдуу күчтөрдү да, башка мамлекеттик түзүмдөрдү да жетектей турган Бирдиктүү башкаруу борборду түзүү зарылчылыгын убакыт өзү көрсөттү.

Ошол эле учурда Бирдиктүү борбор туруктуу иштеп, аскердик жана жарандык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга ар дайым даяр болууга тийиш.

Урматтуу коллегалар!

Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасы өзгөрүп жатканына байланыштуу Коргоо кеңешинин Катчылыгы “Кыргыз Республикасын коргоо жана Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдардын долбоорлорун даярдады. Мыйзамдардын долбоорлору толукталып, мыйзам чыгаруу демилге катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталат.

Бүгүн өлкөбүз үчүн өтө маанилүү маселелерди карап чыгууга тийишпиз. Кабыл алынуучу чечимдер Кыргызстандын Улуттук коопсуздук системасын толук реформалоого жол ачат. 

Өткөн жылдын күзүндө Кыргызстандын Өкмөтү менен Россиянын Өкмөтүнүн ортосунда  аскердик кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлган. Анда: “инновациялык формаларды жана ыкмаларды колдонгон,  эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө жөндөмдүү,  мобилдүү, заманбап курал менен камсыздалган кесипкөй кадрлар менен толукталган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн түзүү милдети коюлган” деп белгиленет.

Макулдашууларга ылайык, Россиянын Коргоо министрлиги быйылкы жылдын төртүнчү кварталынан тартып Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн заманбап куралдар менен камсыздай баштайт. Бүгүн кабыл алынчу чечимдер керектүү куралдарды туура тандап алууга шарт түзөт”.

 

2013-жыл 5-июль