Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат

Бүгүн, 2013-жылдын 5-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралууда:

-         «Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө»;

-         «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу тутумун реформалоо жөнүндө»;

-         «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмеси жөнүндө».

Отурумду ачып жатып Президент бүгүн өлкөбүздүн жаңы Аскердик доктринасын кеңири талкуулап, бекитебиз деп билдирди. “Бул документ  Кыргызстандын аскердик коопсуздугу жана мамлекетти коргоону камсыз кылуу үчүн зор мааниге ээ.  Аскердик доктрина мамлекеттин коргоо саясатын, аны ишке ашыруу принциптерин жана формаларын аныктайт”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы мындай деп баса көрсөттү: “Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн башкаруунун Бирдиктүү борборун түзүү зарылчылыгы каралган”. 

Президент ошондой эле кыйын кырдаалдарда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ич ара кызматташуусунун чабалдыгы жалпы мамлекеттик башкаруунун эң талуу жери экендигин акыркы жылдардагы тажрыйбабыз тастыктагандыгын белгиледи.

“Кыйын кырдаалда Куралдуу күчтөрдү да, башка мамлекеттик түзүмдөрдү да жетектей турган Бирдиктүү башкаруу борборун түзүү зарылчылыгын убакыт өзү көрсөттү. Ошол эле учурда Бирдиктүү борбор туруктуу иштеп, аскердик жана жарандык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга ар дайым даяр болууга тийиш”, - деп белгиледи өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы.

Мамлекет башчысы Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасы өзгөрүп жатканына байланыштуу Коргоо кеңешинин Катчылыгы бир катар тиешелүү мыйзамдардын долбоорлорун даярдагандыгын, алар толукталып, мыйзам чыгаруу демилгеси катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталарын белгиледи.

“Бүгүн өлкөбүз үчүн өтө маанилүү маселелерди карап чыгууга тийишпиз. Кабыл алынуучу чечимдер Кыргызстандын Улуттук коопсуздук системасын толук реформалоого жол ачат”, - деп баса белгиледи Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы

Алмазбек Атамбаев ошондой эле Өткөн жылдын күзүндө Кыргызстандын Өкмөтү менен Россиянын Өкмөтүнүн ортосунда  аскердик кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлгандыгын белгиледи. Протоколго ылайык: “инновациялык формаларды жана ыкмаларды колдонгон,  эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө жөндөмдүү,  мобилдүү, заманбап курал менен камсыздалган кесипкөй кадрлар менен толукталган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн түзүү милдети коюлган”,- деп белгиленет.

Макулдашууларга ылайык, Россиянын Коргоо министрлиги быйылкы жылдын төртүнчү кварталынан тартып Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн заманбап куралдар менен камсыздай баштайт.

Биринчи жана экинчи маселе боюнча баяндаманы Кыргыз Республикасынын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жасайт.

2013-жыл 5-июль