Бүгүн, 2013-жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Президенти Абдуллах Гүлдүн чакыруусу боюнча Анкарага иш сапары менен учуп келди.
Сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын башчысы Түркия Республикасынын жетекчилиги менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөт.