Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Мыйзамга карата каршы пикир жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2013-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата каршы жөнөттү.

Каршы пикирде мындай деп айтылат:

Мыйзамдын 19-беренесинин 1-абзацында “Эл аралык келишимди ратификациялоо же ага кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын тиешелүү долбоорун киргизүүнүн алдында Өкмөт ошол эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө Жогорку соттун Конституциялык палатасынан (мындан ары – Конституциялык палата) сурап алат” деп көрсөтүлгөн, ал (2-абзац) “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамда (мындан ары – конституциялык Мыйзам) белгиленген тартипте жана мөөнөттө ушул тууралуу өзүнүн корутундусун берет.

Бул абзацтын кабыл алынган редакциясы иш жүзүндө Өкмөттүн суроо-талабын жана Конституциялык палатанын эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүүсүн келишимди ратификациялоо жөнүндө же ага кошулуу жөнүндө мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүдөн мурда өткөрүлө турган милдеттүү жол-жоболордун катарына киргизет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (97-беренесинин
6-бөлүгүнүн 2-пункту) чындыгында эле Конституциялык палатага Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду” берүүгө ыйгарым укук берет.

Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
97-беренесинин 11-бөлүгүндө “конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат”деп көрсөтүлгөн.

Конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык: “Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын, Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдин же Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбоорунун Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу – ишти кароого негиз болуп эсептелет”.

Алсак, конституциялык Мыйзамдын 20- жана 22-беренелери Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү тууралуу кайрылуу укугуна ээ субъекттер катары Өкмөттү эле эмес, ошондой эле Президентти, Жогорку Кеңешти, Жогорку Кеңештин фракцияларын, Премьер-министрди аныктайт.

Ошентип, жогоруда баяндалгандардан улам, Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугуна карата Конституциялык палатанын корутунду берүүсү аталган субъекттер белгиленген тартипте кайрылган учурда жана конституциялуулугу күмөн жараткан келишимдерге карата гана каралат.

Ушуга байланыштуу кабыл алынган Мыйзамдын 19-беренесинин
1-абзацынын жоболорун “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү зарыл деп эсептейм. 

Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунда ратификациялоого жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдеринин катарында “Кыргыз Республикасына кредиттерди, гранттарды жана башка финансылык жардамдарды берүү боюнча”келишимдердин тизмеси белгиленген.

Финансылык милдеттенмелерге жана аларды мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу аткарууга жана тейлөөгө чыгымдарга алып келген кредиттик келишимдерди ратификациялоо зарылдыгын, ошондой эле тышкы карыз алууда жана аларды пайдаланууда парламенттик контролдоону колдоо менен катар ушул пунктту Кыргыз Республикасы грант жана финансылык жардам алган учурда финансылык милдеттенме албай жана карыздык же финансылык түйшүк тартпай турган гранттар жана финансылык жардам жөнүндө келишимдер бөлүгүндө кайра кароону сунуш кылам.

Ратификациялоону тандоо өлкө үчүн эл аралык келишимдин бул же тигил ченеминин милдеттүүлүгүн билдирүүнүн ыкмаларынын бири катары ратификациялоо институтунун төмөнкүдөй бардык аспекттерин эске алуу менен ар тараптан негизделүүгө тийиш:

         - эл аралык келишимге юридикалык күч берүү катары ратификациялоонун маани-маңыздык жана укуктук мазмунун;

         - мыйзам катары гана кабыл алынуучу укуктук акт катары ратификациялоо формасын;

         - ар бир стадияда катышуучу органдардын компетенциясын эске алуу менен мыйзамдарды кабыл алуу үчүн бардык каралган стадияларды камтыган процесс катары ратификациялоону.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин
3-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат”.

Эл аралык келишимди ченемдик укуктук акт (мыйзам) менен ратификациялоонун натыйжасында бул келишим ички укук булагы катары колдонула баштайт.

Ратификациялоонун көрсөтүлгөн жактарынан жана натыйжаларынан алганда, ратификациялоо жөнүндө чечимди мыйзам түрүндө кабыл алуу формасын, келишимдин укуктук статусунун өзгөртүлүшүн жана аны Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү катары киргизилишин, ошондой эле ратификациялоо жөнүндө мыйзамдарды кабыл алуунун бардык стадияларын өзгөчө көңүлгө алып, гранттар жана финансылык жардам жөнүндө бардык келишимдерге ратификациялоо жол-жобосун колдонууну негизсиз деп эсептейм.

Андан тышкары, гранттар жөнүндө бардык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө талап ар кандай дайындалышта, түрдө (финансылык, материалдык каражаттар) жана өлчөмдө берилүүчү гранттык жардам берүү процессин создуктурушу жана татаалдатышы мүмкүн. Алсак, өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу шашылыш жардам алууда мамлекеттик ички жол-жоболорду өтүү мөөнөттөрү менен проблема келип чыгуу тобокелдиги бар. Гранттын өлчөмү же анын мазмуну маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин деңгээлинде чечилиши үчүн анча маанилүү эмес болушу мүмкүн. Бул аспектте гранттар жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо да максатка ылайыктуу эмес.

Гранттар жана финансылык жардам жөнүндө келишимдерден бюджеттен чыгымдарга алып келүүчү же анын кирешелерин азайтууну караган же мыйзамда каралгандан башка ченемдерди өзүнө камтыган келишимдер ратификацияланууга жаткандыгын карап дифференцирлөө зарыл деп эсептейм (салыктардан, бажы жыйымдарынан бошотуу, башка жеңилдиктерди, иммунитеттерди берүү ж.б.).

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн
1-пунктун жана 81-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарам.

2013-жыл 5-июнь