Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен шайлоо тутумун өркүндөтүү маселелерин талкуулады

Бүгүн, 2013-жылдын 30-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргызстандын шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди талкуулоо максатында жолугушуу өткөрдү.  

Катышуучулар менен амандашып, Данияр Нарымбаев биздин өлкөдө демократиянын принциптерин алга жылдыруу жана адам укуктарын камсыздоо ишинде көмөк көрсөткөндүктөрү үчүн донордук коомчулукка ыраазылыгын билдирди.

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси шайлоо тутумун өркүндөтүү жана таза шайлоолорду өткөрүү кыйла артыкчылыктуу чаралар катары аныкталгандыгын, 2013 - 2017-жылдардын мезгилине  Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясында белгиленгендигин айтты.

Ошондой эле Данияр Нарымбаев катышуучулардын көңүлүн Кыргызстан үчүн кыйла оптималдуу шайлоолорду камсыздоо тутумун тандоо жана сатып алуу максатында техникалык каражаттардын эл аралык жарманкесин өткөрүү мерчемделип жаткандыгына бурду. Ал бул шайлоо процессинин айкындуулугу үчүн контролдун эң майнаптуу каражаты болорлугуна ишенгендигин билдирди.

Донордук уюмдар тарабынан БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александр Аванессов, ЕККУнун адам укуктары боюнча улук кеңешчиси Фабио Пиана, АКШ элчилигинин Юстиция департаментинин  Кыргызстандагы туруктуу юридикалык кеңешчиси Мэри Грэд, ЮСАИДдин мамлекеттик башкаруунун демократиясы бөлүмүнүн башчысы Энн Хоппер, ошондой эле Европа Союзунун Өкүлчүлүгүнүн Кыргыз Республикасындагы долбоордук менеджери Клаудия Хокк сүйлөштү.  

Эл аралык өнөктөр шайлоо тутумун өркүндөтүү маселесинде техникалык да, ошондой эле эксперттик да көмөк көрсөтүүгө өздөрүнүн кызыкдарлыгын белгилешти.

Өз кезегинде, Александр Аванессов ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин тең төрагасы катары ал Кеңештин боло турган отурумунун күн тартибине Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жарыя кылган артыкчылыктарды алып чыгарын маалымдады.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып Данияр Нарымбаев шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча Жумушчу топту жана донордук коомчулукту Кыргызстанда айкын жана таза шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуучу мыйзамдарды гана эмес, жалпы эле элдин кабыл алуусун өзгөртүү боюнча чоң жумуш күтүп тургандыгын белгиледи.

“Коом жана саясий уюмдар бийликке карай жол шайлоолор аркылуу гана болоруна көнүүсү керек. Таза шайлоолор гана гүлдөп-өнүккөн жана күчтүү мамлекетти куруу жана адилет саясий тутумду калыптандыруу үчүн негиз болуп кызмат кыла алат”,- деп жыйынтыктады Данияр Нарымбаев.

 

2013-жыл 30-май