Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 29-майында, Астана шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча  Казакстанга жасаган бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин  отурумуна  катышты.

Жыйынга Россиянын Президенти Владмир Путин, Украинанын Президенти Виктор Янукович, Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко дагы катышышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Евразиялык интеграциялык процесстерге катышуусу жөнүндө билдирүүгө кол коюшту.

Тактап айтканда билдирүүдө мындай деп  белгиленет: ”Мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш  Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин органдары менен өз ара кызматташууну өнүктүрүү боюнча демилгесин, ошондой эле  Евразиялык экономикалык союздун толук кандуу  мүчөсү   болууга ниеттенгендигин колдогондугу тууралуу билдирет. Тиешелүү сунуштар жакын арада  Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан даярдалат”.

Ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссия менен Кыргыз Республикасынын ортосунда өз ара аракеттенишүүнү тереңдетүү жөнүндө Меморандумдун долбоору  тууралуу чечимге кол коюлду.

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекке  бүгүн кайра кайтып келет.

2013-жыл 29-май