Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ардагерлерди жана аскер кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 21 жылдыгы менен куттуктады.

Анда мындай деп айтылат:

“Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар!

Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 21 жылдыгы менен куттуктайм.

Куралдуу күчтөрүбүз эгемендик жылдарында татаал жолду басып өттү. Жоокерлерибиз өз милдетин так аткарып, чыныгы офицерлер намыска бек туруп, жоопкерчиликтүү болгондуктан, кыргыз аскери күч алып, калыптанды.

Элибиздин акылмандыгы жана сабырдуулугу эгемендүүлүгүбүздү жана мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калды.

Ушул күнү биз тарыхтагы эң оор мезгилдерде өз Мекенин коргоого аттанышкан мекендештерибизди: Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калгандарды, Ооганстанда жана Баткенде курман болгондорду, 37-жылдары жана 2010-жылдын апрелинде эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн өз өмүрүн арнагандарды эскерели. Тынчтык жана бейпилдик үчүн кандай жоготууларга учураганыбызды эч качан унутпайлы. 

Өлкөбүздү, улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогонго даяр бололу. Биз бардык мамлекеттер менен бирге тынчтыкта, достукта жашоого умтулабыз. Биргелешкен күч-аракеттер менен гана эл аралык терроризмге жана экстремизмге, трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгитрафикке туруштук бере алабыз.

Учурда биз аскерди башкарууну жана камсыз кылууну жакшы жолго коюп жатабыз. Кыргызстанда Куралдуу Күчтөрдү башкаруунун Бирдиктүү борбору түзүлөт. Ал өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана натыйжалуу чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз аскери заманбап курал-жарактар жана техника менен жабдылат. Жакынкы жылдары мамлекет жоокерлерибиздин социалдык абалын жакшыртууга, коомдогу кадыр-баркын жогорулатууга  багыт алат.

Куралдуу күчтөрдөгү жана аскердик билим берүү мекемелериндеги терс көрүнүштөрдү жоюуга милдеттүүбүз.  Тынчтык мезгилинде Кыргызстан жоготууларга учурабашы  керек.

Биз аскер кызматын эрдиктин жана мекенчилдиктин мектебине айландырууга тийишпиз.

Урматтуу Кыргызстандын аскерлери!

Бардыгыбызды кубаттуу жана өнүккөн мамлекетти куруу максаты бириктирип турат.

Ыйык милдетиңерди ар-намыстуулук жана каармандык менен аткарат деп ишенем. Бул майрам өз жерине болгон сүйүүнүн, Мекенди коргоого даярдыгыбыздын белгиси  болуп кала берсин!

Сиздерге сабырдуулук жана кайраттуулук, тынчтык жана бакубаттык каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                    Алмазбек Атамбаев

2013-жыл 29-май