Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин бейформал саммити өтүп жатат

Бүгүн, 2013-жылдын 28-майында, Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин бейформал саммити өтүп жатат.

Саммиттин катышуучулары менен амандашып, Президент Алмазбек Атамбаев калыптанып калган жакшы салт боюнча өз ара ишеним маанайында көйгөйлүү маселелер боюнча пикир алмашуулар болорун жана ЖККУнун алкагында бир катар чечимдер кабыл алынарын белгиледи.

“Бейформал мүнөзүнө карабастан, биздин жолугушуубуз толук практикалык маңызга ээ жана майнаптуу чараларды жана стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алууну максат кылат. Буга бизди дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал жана ЖККУнун жоопкерчилик аймагына тийешеси бар коопсуздук жаатындагы көйгөйлөр менен коркунучтар түртүүдө”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Андан ары Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге, Россиянын Президенти Владимир Путинге, Тажикстандын  Президенти Эмомали Рахмонго сөз берди.

Мамлекеттердин башчылары кыргыз тарапка чакыруусу үчүн жана ЖККУнун алкагында эл аралык жана регионалдык актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Андан ары ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа отурумдун күн тартибин жарыя кылды.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары азыркы көйгөйлөр менен мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна коркунучтардын жагдайында ЖККУнун жамааттык коопсуздугунун абалы менен түзүмү жана ЖККУнун аны өркүндөтүү боюнча чаралары жөнүндө маселени, ошондой эле «Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан» бирдиктүү темир жол курулушунун долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча маселелерди талкуулашары күтүлүүдө.

2013-жыл 28-май