Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин бейформал саммитинин отуруму башталды

Бүгүн, 2013-жылдын 28-майында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ЖККУга мүчө мамлекеттердин бейформал саммитинин отуруму башталды.

Бейформал жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон катышууда.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларын Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жана ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа тосуп алышты.

Чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин мамлекеттердин башчылары тар форматтагы жолугушууга багыт алышты.

Эске сала кетсек, 2013-жылы ЖККУга Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда.

 

2013-жыл 28-май