Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаев чек арачыларды кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады.

Анда мындай деп айтылган:

“Урматтуу Чек ара аскерлери, Чек ара кызматынын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Чек арачылардын күнү менен куттуктайм!

Чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу – бул мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири. Ошондуктан мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү максатында Кыргызстандын Чек ара кызматына өз алдынча органдын статусун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Учурда Чек ара кызматы калыптанып келе жатат. Материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртуу, чек арачылардын эмгек маянасын жогорулатуу боюнча көп жылдардан аткарылбай келген иштер башталды. Буйруса бул иш улантылат.

Биз теңчилик, ишенимдин негизинде, улуттук кызыкчылыктарыбызды көздөп, коңшу мамлекеттер, Россия менен тыгыз кызматташууга умтулабыз.

Биздин чек арабыз эл аралык террористтерге жана экстремисттерге, трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгитрафигине каршы ишенимдүү бөгөт болууга тийиш.

Мына ошондо гана өлкөбүздө жана регионубузда тынчтыкты жана бейкуттукту сактай алабыз. Ошондо гана биз кубаттуу жана өнүккөн Кыргызстанды кура алабыз.

Чек ара кызматы абдан түйшүктүү. Сиздер катаал шарттарда: алыскы чек араларда жайды жайдай, кышты кыштай, күн-түн дебей кызмат өтөйсүздөр. Сиздер менен бирге кызматтын жана турмуш-тиричиликтин түйшүгүн үй-бүлөңүздөр кошо тартат.

Бирок, эмгегиңерди, бардык күч-кубатыңарды - ыйык милдет, өз Мекениңер, кыргызстандыктардын тынчтыгы жана бейкуттугу үчүн жумшап жатасыздар.

Мындан ары да ата-бабалардын салттарын улантып, аскердик милдетиңерди  татыктуу аткарат деп терең ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгилик жана бакубат турмуш каалайм!

Кыргызстаныбызда тынчтык жана туруктуулук болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                          Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 28-май