Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Тажикстандын Президентинин сапары биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодогу маанилүү окуя болуп саналат”

Бүгүн, 2013-жылдын 27-майында, эки тараптуу документтерге расмий кол койгондон кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон пресс-конференцияда эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыктарын чыгарышты.

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Президентинин сапары биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодогу маанилүү окуя болуп саналарын белгиледи.

“Бүгүн биз абдан маанилүү он документке кол койдук. Биз тар чөйрөдө да абдан жемиштүү иштедик. Бышып жетилген маселелер менен көйгөйлөрдү чечтик. Бул көйгөйлөрдү биз жараткан эмеспиз, бизге мураска калган. Аларды чече турган мезгил келди. Бир да маселе боюнча бизде түшүнбөстүк болгон жок”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча тараптар ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинин отурумуна «Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан» темир жол курулушу жөнүндө долбоорду алып чыгуу тууралуу  чечим кабыл алышкандыгын билдирди.

Өз кезегинде Президент Эмомали Рахмон бул сапар мамлекеттер аралык өнөктөштүктү мындан ары терендетүүгө  жакшы түрткү берип, бир катар маанилүү чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп белгиледи.

“Биздин али пайдаланыла элек потенциалды ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Шарттарыбыз, жалпы чек арабыз, жаратылышыбыз бир. Биз маселелерди жакшы коңшулаштыктын салтында, өз ара кызыкчылыктарды эске алып, салкын кандуулук менен чечүүнү колдойбуз”,- деди Эмомали Рахмон.

Андан соң Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

2013-жыл 27-май