Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кызматташуу боюнча документтерге кол коюу аземи болуп өттү

Бүгүн, 2013-жылдын 27-майында, Жогорку Мамлекеттер аралык координациялык кеңештин биринчи отурумунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон төмөнкү документтерге кол коюшту:

  • “Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтык жөнүндө” чечим;
  • “Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиянын иши жөнүндө” чечим;
  • «Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан» темир жол курулушунун долбоору жөнүндө” чечим.
  •  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун биргелешкен билдирүүсү.

Ошондой эле кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкү Макулдашууларга кол коюлду:  

-         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жарандык коргонуу (коргоо), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө.

-         Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстан Республикасынын Аттестациялык комиссиясынын ортосунда жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө.

-         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дене тарбиясы жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

-         Эки мамлекеттин бажы кызматтарынын  ортосунда Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда  товарларды ташуу жана аларды бажылык  тариздөө жөнүндө маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө протокол.

-         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда байланыш жана маалыматтык технологиялар тармактарында  кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

-         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда эл аралык автомобиль транспорту жөнүндө макулдашуу.

2013-жыл 27-май