Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Бүгүн, 2013-жылдын 27-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен тар чөйрөдө жолугушту.

Алмазбек Атамбаев жогору даражалуу мейманды тосуп алып, сапары үчүн ыраазылык билдирди.

Жылуу кабыл алуу үчүн ыраазылыгын билдирип, Эмомали Рахмон бул сапарга чоң маани берерин жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечектерин талкуулоого үмүттөнөрүн белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда кыргыз-тажик өз ара карым-катышын ар тараптуу кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн күч-аракеттерди жумшоо ниеттерин белгилешти.

Андан ары эки өлкөнүн Президенттери Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Мамлекеттер аралык Кеңешинин Биринчи отурумун өткөрүшөт.

 

2013-жыл 27-май