Бүгүн, 2013-жылдын 22-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обамага Оклахома штатындагы катуу торнадого байланыштуу көңүл айтты.
Көңүл айтууда мындай деп белгиленет:
“Улуу Урматтуу,
Көп сандаган адамдардын өмүрүн кыйган Оклахома штатындагы катуу торнадо тууралуу кайгылуу кабарды кабыргам кайышып кабыл алдым.
Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айтканыбызды, ошондой эле бул трагедиянын натыйжасында жабыр тарткандардын бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалагандыгыбызды билдирип коюуңузду өтүнөм.
Терең кайгыруу менен,
Алмазбек Атамбаев”