Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Ахметова Нурсулу Меирбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Маалымат: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-майындагы жарлыгы менен Ахметова Н.М. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.