Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Эгемендүү Кыргызстандын банк системасы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө иштөөгө тийиш”

Бүгүн, 2013-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Үстүбүздөгү жылы биз улуттук валютаны – кыргыз сомун киргизгенибиздин 20 жылдыгын белгилейбиз. Ушул жылдардын аралыгында өлкөнүн финансы системасы дагы чыңдалып калды. Биз улуттук  кызыкчылыктарды чагылдырган көз карандысыз финансылык саясат жүргүзүп жатабыз. Эгемендүүлүк жылдарында  өлкөдө финансылык мекемелердин ишмердиги, анын ичинде чет элдик капиталы бар банктардын иштеши үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Банк системасын өнүктүрүүдөгү Кыргызстандын ийгиликтерин эл аралык коомчулук тааныды.

Ырас, көп иш жасалды, бирок аткарыла турган иштер али көп.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, эгемендүү Кыргызстандын банк системасы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө иштеп, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык коопсуздугун коргоодо өтө маанилүү милдет өтөөгө тийиш.

Учурда калк жана экономиканын субьекттери үчүн финансылык ресурстардын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу биринчи кезектеги милдет болуп эсептелет. Жакынкы жылдарда кредит берүүнүн көлөмүн көбөйтүп, мөөнөтүн узартуу, кредиттердин пайыздык ставкаларын төмөндөтүү зарыл.

Улуттук банк жана банк чөйрөсү системадагы атаандашууну күчөтүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Банк кызматынын регионалдык рыногунда алдыңкы позицияларды ээлеп, өлкөгө инвестицияларды салууга ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Кыргызстандын эгемендүү кредиттик рейтингин алуу мындан аркы артыкчылыктуу милдет болуп калууга тийиш.

Сиздерге азыр жеңил эмес экенин билем. Жолубузда кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар көп. Бирок сиздер менен бирге өз максатыбызга жетээрибизге ишенем. Биргелешип күчтүү, гүлдөгөн Кыргызстан курабыз.

Кесиптик майрамыңыздарда сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, жоопкерчилигиңиздер жана өз ишиңерге берилгендигиңиздер үчүн  ыраазычылык билдирем.

Бардыгыныздарга чың ден соолук, үй-бүлөдө бакубатчылык каалайм. Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшү үчүн натыйжалуу эмгектене беришиңиздерге тилектешмин!

Кыргыз Республикасынын       

Президенти                                                                  Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 10-май