Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент тез арада Кумтөргө металл аралашпаган породанын катмарынын жылышынын проблемасын чечүү үчүн атайын комиссия жөнөтүү боюнча Өкмөткө тапшырма берди

Бүгүн, 2013-жылдын 2-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев мененКумтөр кениндеги металл аралашпаган породанын катмарынын жылышына байланыштуу жагдайды талкуулады.

Өкмөт тарабынан  түздөн-түз Кумтөр кенине атайын комиссия түзүп, жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды.  Атайын комиссия  тез арада кен иштетүүчү жердеги жагдайды изилдеп, металл аралашпаган породанын катмарынын жылышынын экологиялык жана өнөр жай коопсуздугуна тийгизген таасиринин деңгээлин аныктап, бул  проблеманы чечүү боюнча тиешелүү сунуштарды киргизмекчи.

Президент комиссия ошону менен бирге, металл аралашпаган породанын катмарынын жылышына байланыштуу Centerra Gold компаниясынын менежментинин аракеттерине дагы баа берүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.

 

2013-жыл 2-май