Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдү реформалоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 2013-жылдын 2-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн алдыдагы реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Президент мамлекеттин коопсуздугун жана анын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу максатында 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн реформалоо милдети коюлгандыгын белгиледи.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бейшенбай Жунусов, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов катышышты.

 

2013-жыл 2-май