Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Жарнак жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 14-мартында кабыл алган.

Ал коомдук кызыкчылыктарды коргоо, максаттарды, кызматтарды, программаларды жана республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик институттар көргөзгөн кызматтарды даңазалоо максатында мамлекеттик жана социалдык жарнакты өндүрүү, жайгаштыруу жана таркатуу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салуу максатын көздөйт.  

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 30-апрель