Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев баңги заттарды жүгүртүүнү контролдоо боюнча РФ Федералдык кызматынын директору Виктор Ивановду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 30-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев баңги заттарды жүгүртүүнү контролдоо боюнча Россия Федерациясынын Федералдык кызматынын директору Виктор Ивановду кабыл алды.

Жолугушууунун жүрүшүндө Борбордук Азия регионунда баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кырдаал, анын ичинде Афганистандан чыгып жаткан баңги коркунучтарга байланыштуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле наркотрафикке каршы күрөшүүдө Кыргызстан менен Россиянын күч структураларынын биргелешкен чаралары тууралуу сөз болду.

 

2013-жыл 30-апрель