Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев мекендештерибизди 1 май – Эмгек майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 30-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 1 май – Эмгек майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди эмгек майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бул майрам соңку жылдардагы бардык саясый өзгөрүүлөргө карабастан биз менен кала берген жаркын жазгы майрамдардын бири. Бул эмгек адамдары арасында эң сүйкүмдүү жана чындап урматтоого алынган майрам.

Бул күнү биз карапайым иштерман адамдардын эмгегин жана жаратмандыгын урматтап, белгилейбиз. Бул майрам эмгектин үзүрү канчалык жогору экендигин билип жана анын натыйжалары менен сыймыктана ала тургандардын майрамы. Бул өзүнүн күндөлүк эмгеги менен Кыргызстандын бакубаттыгын, өлкөнүн келечегин түзүп жаткандардын майрамы.

Ар бирибиз ар кандай багыттарда эмгек кылып жатабыз: бирибиз акыл эмгеги менен иштесек, экинчибиз жумушчу кесипти аркалайбыз, жаштарыбыз окуп билим алып жатса, бирибиз үйдө жакындарыбыз тууралуу кам көрөбүз.

Демек, бизди бириктирип, бизди бир бүтүн, руханий жана материалдык жактан бай кылган - эмгек.

Биринчи май — бул  бир жерде жашап жаткан ар башка улуттагы, диндеги, көз караштагы адамдардын ортосунда өз ара түшүнүшүүнүн, тынчтык жана ынтымактын майрамы. Эмгектенип, жаратмандык менен гана биз мыкты жашоого жетише алабыз. Өлкөбүздө тынчтык жана ынтымак болсун!

“Эгер адам болгуң келсе, талыкпай эмгектенүү керек”, – деп ата-энелерибиз бизди жаштайыбыздан тарбиялаган.

Эгер сүйүктүү ишиң, кесиптештериң, эмгектин аркасынан жаралган жеңиштериң жана чыгармачылыгың болбосо жашоо-турмуш оор экендиги белгилүү.

Ушул жаркын майрамда ар бир кыргызстандык  үй-бүлөсүнө, жакындарына татыктуу жашоону камсыз кылгандай  сүйүктүү ишке ээ болуусун каалайм.

Биз биргелешип, өз эмгегибиз менен максаттарыбызга – күчтүү, гүлдөп-өнүккөн жана туруктуу Кыргызстанды курууга жетишебиз деп терең ишенем.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                 Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 30-апрель