Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «РусГидро» ААКнын Башкармасынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 25-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «РусГидро» ААКнын Башкармасынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды.

Жолугушууда Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жүрүшүндө, 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу жана пайдаланууга берилиши жөнүндө макулдашуунун жүзөгө ашырылышынын жүрүшү талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушун өз учурунда баштоонун маанисин баса белгиледи.

Долбоор  жакшы ыргак менен ишке ашырыла баштагандыгын белгилеп, Евгений Дод Алмазбек Атамбаевге россиялык компания быйылкы жылдын май айында Жогорку-Нарын каскадынын төрт ГЭСинин биринчисинин курулушун баштай тургандыгы тууралуу  маалымдады.

“Сиздин тапшырмаңызга жана биздин жетекчиликтин тапшырмасына ылайык биз май айында биринчи бетонду төшөө  боюнча курулуш иштерин жана бардык подрядчиктерибиздин курулуш аянтына чыгууга даяр экендигибизди айткым келет. Жумуштун жүрүшү жаман эмес. Милдеттенмелердин бардыгы аткарылып жатат. Сынакта биз тандап алган долбоорлоочу «Ленгидропроект» бүгүн тапшырчу ТЭНде (техника-экономикалык негиздеме) бир нече вариант сунушталат. Мен кыргыз энергетиктери менен бирге биз ТЭНди тез эле баалайбыз жана каржылоону да ошондой эле тез эле сунуштайбыз деп ойлоп турам. Курулушту жайылтуу үчүн каржылоо ишин менимче өз колубузга алабыз. Бардык пландар тез, сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарылат”, - деп айтты Евгений Дод.

Ал Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу жана пайдаланууга берүү маселелери кече жакында Москва шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда да талкуулангандыгын кошумчалады.

“Өкмөттөр аралык комиссия Москвада өттү жана жолугушуунун жүрүшүндө каржылоо боюнча тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынганын билесиз. Ошондуктан мен бул долбоор майнаптуу жүзөгө ашырылышына эч тоскоолдук болбойт деп ойлойм”, - деп сөзүн жыйынтыктады «РусГидро» Башкармасынын төрагасы.

Гидроэлектростанция Жогорку-Нарын каскадынын төрт ГЭСинин биринчиси болуп калмакчы. Долбоордун алкагында Нарын дарыясында ошондой эле Нарын ГЭС-1, Нарын ГЭС-2 жана Нарын ГЭС-3 курулат. Каскаддын жалпы болжолдонгон кубаттуулугу 191 МВтты түзөт, жылына орточо эсеп менен 1 055 млн. кВт∙с. электр энергиясын иштеп чыгат.

2013-жыл 25-апрель