Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет элдик Элчилерден Ишеним грамоталарды кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 24-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев чет элдик 8 мамлекеттин Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Тактап айтканда,  Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу ЭлчисиЦи Даюйдан, Кыргыз Республикасындагы Бириккен Араб Эмираттарынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моххаммеда Хареб Аль Мехайрибиден, Кыргыз Республикасындагы Кыргыз Республикасындагы Египет Араб Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Набила Ибрахим Салама Фархандан, Кыргыз Республикасындагы Испаниянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мануэль Ларротча Парададан, Кыргыз Республикасындагы Норвегия Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оле Йохан Бернойдон, Кыргыз Республикасындагы Нидерланддар Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Пейтер Ван Леувенден, Кыргыз Республикасындагы Кувейт Мамлекетинин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси С. Аль-Тувайкхтан жана Кыргыз Республикасындагы Израиль Мамлекетинин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тасман Элияудан Ишеним грамоталарды кабыл алды.

Президент Элчилерди Кыргызстанда дипломатиялык ишинин расмий башталышы менен куттуктап, мамлекет алардын натыйжалуу жана жемиштүү ишмердигине кызыктар экендигин белгиледи.

“Сиздердин аркаңыздар менен өлкөлөр ортосундагы мамилелер кыйла натыйжалуу деңгээлге чыгат деп ойлойм. Кыргызстанда орун алган өзгөрүүлөр ортодогу мамилелер үчүн жаңы перспективаларды ачат. Айрым өлкөлөр Бишкекте элчилик ачууну болжолдоп жаткандыгын билем.  Кыргызстан сиздер өкүлү болгон  ар бир өлкө менен жакшы мамилени жогору баалайт”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент ошону менен бирге Ишеним грамоталарын тапшыруу салтанатында  Кыргызстан оор мезгилди басып өткөндүгүнө жана өлкөдө уюштурулуп жаткан митингдерге дагы кыскача токтоло кетти.

“Кыргызстан демократиянын калыптануунун эң оор мезгилин басып өттү. Апрель революциясынан кийин үч жылдын аралыгында карапайым адамдар дагы, саясатчылар дагы  демократия – мыйзамдын үстөмдүгү экендигин түшүнүштү. Ал эми мыйзамды бузгандар жоопкерчиликке тартылууга тийиш”,- деп баса белгиледи Президент.

Айрым ЖМК өкүлдөрүнүн Кыргызстанда кезектеги революция тууралуу божомолдорун комментариялап, мамлекет башчысы өткөн жумада Парижде уюштурулган митингди журналисттер менен калк жөн-жай гана кабыл алгандыгын мисалга тартты.

“Жекшембиде  Парижде өткөрүлгөн демонстрацияга 300 миңден ашуун адам катышты. Эл буга катардагы эле окуя катары мамиле жасашты. Азырынча шаардыктар, Кыргызстандын жарандары митингдерге коопсуздануу менен мамиле жасап жатышат. Менимче митингдер – демократиянын белгиси. Митингдер күнүгө өткөрүлсө дагы биз ага көнүп, ал процесстерден коркпошубуз керек”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы бүгүн ар бир кыргызстандык өлкөдө болуп жаткан процесстер тууралуу өз оюн ачык айтууга укуктуу экендигин белгиледи.

“Бул Кыргызстанда ар бир адам өз оюн ачык айтууга укуктуу экендигин туюндурат. Эсибизде, бир кезде ипподромдо ат чабыш өткөрүлбөгөн учурда гана митинг уюштурууга руксат берилчү. Ал кезде адамдардын укуктары тебеленип келген. Мындан ары андай болбойт. Биз демократияны охлократиядан так ажыратууга үйрөндүк. Демократия  - мыйзамды так сактоо. Охлократиянын мурдагы ыкмалары азыр өтпөй калган, бийлик ага жол бербейт”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын Кытай менен эки тараптуу кызматташтыгы тууралу кеп кылып келип, Президент өлкөлөрүбүздү көп кылымдар бою калыптаган жакшы коңшулаштык, достук жана өнөктөштүк байланыштырып тургандыгын  белгиледи.

“Бул жагынан алганда мен келе жаткан күздө КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга  жасай турган сапарына жана анын Бишкекте өткөрүлө турган ШКУ саммитине катышуусуна зор маани берем. Эки тараптуу мамилелер жаңы стратегиялык деңгээлге чыгат деп ойлоп турабыз”,- деп белгиледи мамлекет башчысы.

 Президент учурдан пайдаланып, Сынчуань провинциясындагы көптөгөн курмандыктарга  жана бүлүндүрүүгө алып келген жер титирөөнүн  кесепетине байланыштуу  кытай элине жана Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине көңүл айтты.

Алмазбек Атамбаев  ошону менен бирге  Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташууну чыңдоого маани берээрин айтты. Айрыкча соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарга  басым жасалмакчы.

Мамлекет башчысы Египет тарабынан кызыгуу жаралып жаткандыгын жогору баалады. Эки өлкөнүн эли тең революциялык өзгөрүүлөрдү баштан кечиргенине токтолду.

“Бизди көп жагдайлар баш коштуруп турат. Элдерибиз өзгөрүүлөрдү баштан кечирип, жаңы жолго түштү. Бул жагдай эки тараптуу кызматташууда жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент Испания Королдугу менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташууну чыңдоонун маанисин баса белгилеп, кызматташуу жаңы деңгээлге көтөрүлөөрүнө ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы Скандинавия өлкөлөрүнүн арасында Норвегия негизги өнөктөштөрдүн бири экендигине токтолуп, Кыргызстан менен Норвегия Королдугунун ортосундагы эки тараптуу мамилелер ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи. “Кыргызстанда Норвегия тууралуу көп билишет. Буга композитор Григдин музыкасынын дагы жакшы салымы бар”,- деди Президент.

Алмазбек Атамбаев Кувейт Мамлекети менен достук мамилелерди белгилөө менен бирге: ”Мен Кыргызстанга Кувейттин элчилигин ачуу тууралуу чечим кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Биз дагы Кувейттин көмөгү менен Кувейтте Кыргызстандын элчилигин ачууну болжолдоп жатабыз”,- деди.

Израилдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине кайрылып, бул өлкөнүн жарандары талыкпаган эмгектин аркасында гүлдөп өнүгүүгө жетишкендигин белгилеп келип: “Бизде Израиль менен кызматташуунун позитивдүү тажрыйбасы бар. Биз Израилден көп нерсени үйрөнүүгө тийишпиз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн акырында Президент Кытайдын, Бириккен Араб Эмираттарынын,  Египеттин, Испаниянын, Норвегиянын, Нидерланддардын, Кувейттин жана Израилдин Элчилерине Кыргызстанда жемиштүү жана натыйжалуу иштешин каалап, биздин өлкөдөгү ишмердиги дипломатиялык кызматтагы кызыктуу мезгил болуп калышына тилектештигин билдирди.

“Кыргызстандык кесиптештериңер тарабынан толук колдоо табаарыңарга ишенем. Биз сиздердин ишиңиздерге көмөктөшөбүз. Меймандос, жакшы элибиз бар. Сиздер Кыргызстан менен, анын жаратылышы менен  жакындан таанышып, мекенибизди биз сүйгөндөй ардактап калышыңыздарды каалайм”,- деди Президент.

 

2013-жыл 24-апрель