Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ТИКА Кыргызстанда оорукана курууга көмөктөшөт

2013-жылдын 22-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Түркия кызматтыштык жана өнүгүү башкармалыгынын (ТИКА) программаларынын Координациялык офисинин башчысы Хакан Эргюн менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 9-10-апрелинде  Түркиянын Премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында жетишкен макулдашуулардын ишке ашырылышы талкууланды. Тактап айтканда, түркиялык тараптын каражатына Кыргызстанда оорукана куруу боюнча сөз болду.

Жолугушуу учурунда Хакан Эргюн ТИКА Бишкек шаарында же Чүй облусунда оорукана курууга жардам берүү боюнча чечим кабыл алгандыгын айтты. Ооруканага тиешелүү жабдуулар берилип, медициналык мекеменин алгачкы эки жылындагы  иши каржыланаары белгиленди.

Өз кезегинде кыргыз тарап даяр пландын негизинде, Бишкек шаарынын аймагында  Фучик көчөсүндө медициналык мекемени куруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

Белгилей  кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги  14 миң чарчы метр аянтка медициналык-диагностикалык борбор куруу боюнча 2008-жылы даярдалган долбоорду сунуштады.

Хакан Эргюн  ТИКА  бул долбоорду да карап чыгып, эл аралык стандарттарды сактоо максатында керек болсо тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даяр экендигин белгиледи.

Сапар Исаков ТИКАнын башчысы Хакан Эргюнга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз тарап мындан ары  дагы эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулаарын белгиледи.

2013-жыл 23-апрель