Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 23-апрелинде, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Президентке Казакстанга жана Кытайга жасаган сапарларынын жыйынтыктары тууралу маалымат берди. Ал сапарлардын жүрүшүндө алдыда боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммити дагы талкууланган.

Президент үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгы алкагында Бишкекте боло турган ШКУ саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Жолугушууда ошондой эле Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун коллективдүү коопсуздук Кеңешинин бейформалдуу сессиясын даярдоо  маселелери талкууланды.

 

2013-жыл 23-апрель