Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2013-жылдын 22-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Сычуань провинциясындагы жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.

Көңүл айтуу телеграммасында мындай деп белгиленет:

“Улуу урматтуу,

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Сычуань провинциясындагы катуу жер титирөөнүн натыйжасында көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Ушул оор учурда Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен сизге, Улуу урматтуу, терең кайгыруу менен көңүл айтам, ошондой эле курман болгондордун жакындарына жана туугандарына кайрат айтып, кырсыкта жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишине тилектештигимди билдирип коюуңузду өтүнөм.

Терең кайгыруу менен,

Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 22-апрель