Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Таштанбек Акматовдун мээнеткечтиги, эмгекчилдиги ар бир кыргызстандык үчүн үлгү болуп калууга тийиш”.

Бүгүн, 2013-жылдын 19-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Таштанбек Акматовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу менен  "Ак-Шумкар" өзгөчө белгисин тапшырды.


Мамлекеттик сыйлыкты тапшырып жатып, Президент быйылкы жыл Кыргызстанда “иштерман жылы” деп жарыялангандыгын эске салды жана биринчи жакшы саамалык Таштанбек Акматовдун сыйланышы болгондугун айтты.

 

“Таштанбек Акматов иштерман адамдын мыкты үлгүсү. Мындай адамдар менен сыймыктануубуз керек. Ал тургай Республикабыздын Жогорку  Советинин Президиумунун Төрагасы жогорку кызматында иштеп туруп да, ал өзүнүн чабандык ишине кайтып келди ”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

 

Таштанбек Акматовдун мээнеткечтиги, эмгекчилдиги ар бир кыргызстандык үчүн үлгү болуп калууга тийиш. Ар бирибиз эмгекке Таштанбек Акматовдой  мамиле жасасак, өлкөбүз тез эле бутуна туруп, Кыргызстаныбыз гүлдөгөн өлкөгө айланат”, - деп баса белгиледи Президент.

Акыркы 20 жылда коомубузда кайдыгерлик, мителик күчөп кетти. Коомдо мамлекеттин колун эле карамай илдет тамыр алды. Бир нерсе болсо эле “мамлекет эмнеге жардам бербейт, өкмөт эмнеге көмөктөшпөйт”, - деп бакылдап, кыйкырып киришет. Биз мамлекет мага эмне кылып берди дебестен, мен мамлекетке эмне кылдым деп сурашыбыз керек”, - деп айтты Мамлекет башчысы.

 Андан ары Алмазбек Атамбаев жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-мартындагы Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, талыкпас эмгектин эң мыкты үлгүсүн көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик жана коомдук ишмер, фермер, иштерман Акматов Таштанбекке "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.

2013-жыл 19-апрель