Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча буйрукка кол койду

Бүгүн, 2013-жылдын 18-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 68 жылдыгын жалпы улуттук майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча буйрукка кол койду.

Мамлекет башчысынын бул чечими – Ата Мекендик согуш жылдары кыргызстандыктардын майдандагы жана ооруктагы баатырдыгына жана кайратмандыгына  берилген жогорку баасы.

Президенттин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

-         1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүүгө;

-         2013-жылдын 1-майына чейин 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдык бир жолку кошумча акчалай жөлөкпулду төлөп берүүнү камсыз кылууга;

-         1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган иш-чараларды финансы жана уюштуруу жагынан камсыз кылуу маселесин чечүүгө;

-         1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгын жер-жерлерде талаптагыдай деңгээлде белгилөөгө тийиш.

2013-жыл 18-апрель