Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Парламентти Жогорку соттун Конституциялык палатасын тезирээк калыптандырууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңешинин сунушу боюнча материалдарды  карап чыгып, ошондой эле талапкерлер менен жолугушуунун жыйынтыгынын негизинде Кеңеш сунуштаган бардык 6 талапкерлерге макулдугун билдирүү тууралуу чечим кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын жана мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн төмөндөгү талапкерлерди  сунуш кылды:

- Айдарбекова Чинара Аскарбековна - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын зардалы;

- Макешов Жумадил – убактылуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кадрларынын карамагында турат;

- Нарынбекова Айсалкын Өмүралиевна – Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары;

- Осмонова Чолпон Омоковна – Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы;

- Саалаев Жедигер Ибраимович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн талдоо иштер секторунун эксперти;

- Садыков Нурлан Берикович - «Конституциялык саясат институту» коомдук бирикмесинин директору.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын түзүүнүн жана конституциялык контролду жүзөгө ашырган толук кандуу  мамлекеттик орган катары анын  кийинки ишин  калыптандыруунун маанисин эске алуу менен, Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын  сунушталган талапкерлерди карап чыгып, аталган палатанын калган судьяларын  шайлоого чакырды.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин мындай  мындай позитивдүү мамилеси жалпысынан коомдо орун алган күтүүлөргө жооп берет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы  кепилдеген жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин толук коргоого болгон үмүттөрү жагымдуу кабыл алынат деп эсептейт.

Президенттин пикири боюнча,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кызматына талапкер 6 судьяны тең шайлоо жана анын ишинин башталышы  Кыргызстандагы мамлекеттик бийликтин негизги институттарын калыптандыруу процессинин аякташын билдирет.

2013-жыл 18-апрель