Бүгүн, 2013-жылдын 17-апрелинде, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Памела Спратленди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кыргыз-америкалык мамилелердин келечеги талкууланды.
Мамлекет башчысы 2013-жылдын 15-апрелинде Бостондо болгон терактка байланыштуу көңүл айтты.