Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «ИНТЕР РАО ЕЭС» ААКнын Башкармасынын төрагасы Борис Ковальчукту кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 16-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев«ИНТЕР РАО ЕЭС» ААКнын Башкармасынын төрагасы Борис Ковальчукту кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга 2012-жылы жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды.

Борис Ковальчук ошондой эле Президентке Кыргызстанда ГЭСтин курулушун баштоо үчүн компаниянын жасап жаткан кадамдары тууралуу маалымат берди.

 

2013-жыл 16-апрель