Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Нурсултан Назарбаев менен жолукту

Бүгүн, 2013-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Астанадагы Акорда резиденциясында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казак кызматташтыгынын абалы жана келечектери жөнүндө пикир алышты.

Алмазбек Атамбаевди тосуп алып, Нурсултан Назарбаев Казакстан Кыргызстанды колдоого дайыма даяр экендигин баса белгиледи:

“Мен Сизди, бүткүл бир тууган Кыргызстан элин колдоймун. Биз чын жүрөгүбүздөн жакшылык гана каалайбыз. Сиздердин жергеңиздерде дайыма тынчтык жана туруктуулук болушун тилейбиз. Кыргызстандын экономикасы план ченемдүү өнүгүүсүн каалайбыз”, - деп айтты Нурсултан Назарбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын экономикалык кайра түзүү  жаатындагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн абдан  пайдалуу экендигин белгилеп өттү:

“Өз ара пайдалуу кызматташуунун маселелерин талкуулоого кезектеги  мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө кубанычтамын. Казакстан Борбордук Азияда динамикалуу өнүккөн мамлекет болгондугу бизди абдан кубандырат”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоонун жана тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин дагы  талкуулашты.

2013-жыл 11-апрель