Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын мурдагы Премьер-министри Маргарет Тэтчердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу британия элине көңүл айтты

Бүгүн, 2013-жылдын 9-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Премьер-министри Дэвид Камеронго Улуу Британиянын мурдагы Премьер-министри Маргарет Тэтчердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

 “Кыргыз Республикасынын элинин атынан  жана өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун элине дүйнөлүк масштабдагы мамлекеттик ишмердин, Улуу Британиянын мурдагы Премьер-министри Маргарет Тэтчердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп белгиленет Президенттин  көңүл айтуусунда.

Мамлекет башчысы “тайманбас лидерлиги менен элине, бүтүндөй дүйнө коомчулугуна кызмат кылгандыктан, баронесса Тэтчер дүйнө жүзүндө зор урматтоого жана кадыр-баркка ээ болгондугун” белгилейт.

“Баронесса Тэтчердин жаркын элеси биздин эсибизде жана болочок муундун эсинде түбөлүккө сакталат”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

 

2013-жыл 9-апрель