Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Андрей Бельянинов жетектеген россиялык делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 8-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов жетектеген россиялык делегацияны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2012-жылдын 19-20-сентябрында Кыргыз Республикасына жасаган  расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Жолугушууга Россия тараптан Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Крутько жана «Роснефть» ААК президентинин кенешчиси Роман Троценко катышышты.

2013-жыл 8-апрель