Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүлчамбар койду

Бүгүн, 2013-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2002-жылдын Аксы окуяларында жана Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүлчамбар коюп. үч жыл мурдагы Элдик апрель революциясынын баатырларынын элестерин эскерди.

Элдик апрель революциясынын күнүнүн уч жылдыгына арналган гүлчамбар коюу аземине Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, «Ала-Тоо» аянтында 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Бир мүнөттүк тымтырстыктан кийин карабиндерден үч жолу залп атылып, Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолду. Азем куран окуу менен аяктады.

2010-жылдын Элдик апрель революциясынын күнүнүн уч жылдыгына арналган иш-чаралар ошондой эле күндүн биринчи жарымында Чоң-Таш айылындагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде да өтөт.

2013-жыл 7-апрель