Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Япон парламенттик достук тобунун төрагасы Гэн Накатаниден куттуктоо кат алды

Бүгүн, 2013-жылдын 6-апрелинде, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багында сакураларды олтургузуу боюнча ишембиликтин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Коикэ Такаюки Кыргыз Республикасы менен Япон парламенттик достук тобунун төрагасы Гэн Накатанинин куттуктоо катын тапшырды.

Сакуранын көчөттөрү Мамлекет башчысына анын Японияга расмий сапарынын жүрүшүндө 2013-жылдын 26-февралында белек кылынган эле.

Катта мындай деп жазылган:

“Улуу урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти, Алмазбек Атамбаев мырза,

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Мен чын жүрөгүмдөн бүгүнкү япон сакураларынын көчөттөрүн олтургузуу аземинин жүрүшү боюнча кубанычымды билдиргим келет.

Бул көчөттөрдү Япониянын чыгышында болгон катуу жер титирөө учурунда Кыргызстан эли жана өкмөтү көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылык иретинде жер титирөөдөн жабыр тарткан райондо иштеп жаткан компания жөнөттү жана көчөттөр Япония менен Кыргызстанды бириктирип турган терең байланыштарды символдоштуруп турат.

Президент мырза Атамбаевдин жакында ийгиликтүү аяктаган Японияга сапары биздин өлкөлөрүбүз ортосундагы мамилелер кыйшаюсуз өнүгүп жаткандыгын реалдуу сездирди. Мен ошондой эле Улуу урматтуу Президенттин япон адабияты жана япон киносу жөнүндө кеңири маалыматы бар экендигине терең таазим кылдым.

Кыргыз Республикасы менен Япон парламенттик достук тобунун төрагасы катары мен Кыргызстан менен достукту мындан ары да чыңдоо ниетиндемин. Мен биздин өлкөлөрүбүз ортосундагы достук мамилелерсакуранын кооз гүлдөрүндөй гүлдөшүн каалар элем.

Кыргыз Республикасы менен Япон

парламенттик достук тобунун төрагасы                               НАКАТАНИ Гэн”

 

2013-жыл 6-апрель