Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Биз ынтымакты, стабилдүүлүктү сактап, бири бирибизге, бизди курчап турган бардык нерселерге аяр мамиле жасашыбыз керек"

Бүгүн, 2013-жылдын 6-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ишембиликке катышып, борборубуздагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багына дарак көчөттөрүн олтургузууга катышты.

Мамлекет башчысы 2013-жылдын 26-февралында Японияга расмий сапар менен барганда белекке тартууланган сакуранын көчөттөрүн олтургузду.

Алмазбек Атамбаев Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Коикэ Такаюки мырза менен бирге журналисттер менен аңгемелешүү учурунда сакуранын көчөттөрүн тартуулагандыгы үчүн Япония элине ыраазычылыгын билдирди.

“Тарыхыбыздын эң татаал учурларында бизге жардам берип келген япон элине биз терең ыраазыбыз. Япония өз өлкөсүндө эң катуу жер титиреп, кырсыкка кабылган жылы дагы бизге жардам берди. Мындай жакшылык эч качан унутулбайт. Биз япон элинен көп нерсени үйрөнүшүбүз керек. Биз ынтымакты, стабилдүүлүктү сактап, бири бирибизге, бизди курчап турган бардык нерселерге аяр мамиле жасашыбыз керек”,- деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

“Блокаданын курмандыктарына жана эвакуацияланган  ленинграддык балдарды кабыл алган кыргызстандыктарга” эстелигинин батыш тарабындагы аллеяга сакуранын 140 көчөтү олтургузулду.

«Сакура - Япониянын байыркы символу. Бир нече күн гүлдөй турган сакуранын гүлүн көрүү үчүн  эл жыл бою аны бапестеп багат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы сакуранын көчөттөрү сөзсүз биздин жерибизге терең тамырланып, аны менен кошо япон элинин даанышмандык жактары дагы жергебизге оошот деген ишенимин билдирди.

“Буюрса, сакура төрт-беш жылда гүлдөп калат деп ишенем. Беш жылдан кийин ушул жерге келип, аларды карап суктангым келет. Сакура гүлдөгөн кезде биздин элибиз тынчтыкты, туруктуулукту жана элдин биримдигин  мындан дагы жогору барктап калат”, - деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Президент менен бирге ишембиликке Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Коикэ Такаюки мырза, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери катышты.

2013-жыл 6-апрель