Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстандагы маанилүү экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү студент жаштарынын илимий потенциалын кеңири тартуу зарыл”

Бүгүн, 2013-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде болду.

Мамлекет башчысы “Технолог” тамак аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын окуу-практикалык борборунун ачылыш салтанатына катышты. Окуу-өндүрүштүк цехтерди жана лабораторияларды кыдырып чыгып, студенттердин илимий иштеп чыгуулары менен таанышты.

Андан соң Президент техникалык университеттин студенттери менен жолугушуп, кыскача сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы эл ичинде “Политех” деп аталып калган окуу жайы азыр деле өлкөгө керектүү инженердик-техникалык кадрларды даярдап жаткандыгын белгиледи. Азыркы заманда жогорку билимдүү адистер гана ийгиликтүү жана атаандашууга жөндөмдүү экономиканы түзө алат.

Президент бүгүнкү күндө өлкөдө 50 ашык жогорку окуу жайлары иштеп, аларда 200 миңден ашык студент билим алып жатканына токтолду. “Кыргызстандын ар бир жыйырманчы жараны жогорку окуу жайларынын студенти болуп саналат. Бирок мунун экинчи жагы дагы бар. Жапырт жогорку билим берүүнүн артынан сая түшкөн окуу жайлары кесиптик билимдин сапатын төмөндөтүп алышты”, - деди мамлекет башчысы.

Жогорку окуу жайлар келишимдик топтордун санын көбөйтүп, жыйынтыгында эмгек рыногу талап кылбаган, кесиптик даярдыгы төмөн дипломдуу адистерге толуп кетип жатканы белгиленди.

“Ошондуктан акыркы жылдары вуздар айрым учурларда жогорку билим жана адистик берүүчү мекемеден жогорку билим тууралуу диплом саткан жайларга айланып баратат”,- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы жогорку билим берүү системасындагы коррупция курч көйгөй болуп саналаарына көңүл бурду. Бул проблема акыры келип билим берүү системасына гана коркунуч келтирбестен, улуттун мамлекеттүүлүгүнө дагы доо келтирээри бышык.

“Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, 35 жашында республиканын Министрлер Советинин төрагасы болгон Исхак Раззаков учурунда мындай деген эле: “Эгерде мен таза болсом, сен таза болсоң, коомубуз дагы таза болот”. Сиздердин университет ал белгилүү инсандын ысымын алып жүрөт. Ушул жагдай сиздерди көп нерселерге милдеттендирет”, - деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун алкагында Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын куруу, экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү боюнча Камбар-Ата ГЭС-2 курулушун улантуу жана Сары-Жаз дарыясында ГЭСтер каскадын куруу маселесин иштеп чыгуу күтүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошол гидроэнергетикалык курулуштарды курууга 15 миңден ашык адам тартылат. Мультипликативдик натыйжалуулукту эске алганда 40 миңге чукул адам иштемекчи. Демек, гидрокуруучу, куруучу,  гидроэнергетик сыяктуу жана башка техникалык адистиктерге суроо-талап өсөт.

“Биз өнөр жайын кайра жандандырууга шымалана киришебиз. Ошондуктан сиздердин окуу жайына өзгөчө ишеним артылат. КТУ Кыргызстандын  экономикасынын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоого басым жасайт деп ишенебиз”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы кадрлардын сапаты тууралуу кеп кылып келип, тийиштүү адистиктерди даярдоо боюнча ишти өркүндөтүү менен бирге, тажрыйба алмашуу боюнча Россия Федерациясынын жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты чыңдоонун зарылчылыгын баса белгиледи. Ошондой эле Россиянын, башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында биздин адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу зарыл экендиги айтылды.

“КТУнун ШКУнун алкагында башка вуздар, Россиянын вуздары менен жакшы кызматташуу – абдан мыкты тажрыйба”,- деди Президент.

Мамлекет башчысы “Технолог” окуу-практикалык жаңы борборунун окуу-өндүрүштүк цехтерин жана лабораториялары менен таанышып чыккандагы таасири менен тең бөлүштү. “Мындай борбор өлкөнүн өнөр жай тармагынын реалдуу керектөөлөрүнө багыт алып, практикалык пайда алып келүүгө тийиш”,- деп белгиледи Президент.

 Мамлекет башчысы сөзүн аяктап жатып, КТУ Кыргызстандагы маанилүү экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү студент жаштарынын илимий потенциалын кеңири тартууга жигердүүлүк менен киришээрине ишенимин билдирди. Ошону менен окуу жайы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өзүнүн татыктуу салымын кошмокчу.

Андан соң Президент техникалык университеттин студенттеринин суроолоруна жооп берди. Мамлекет башчысына 40 жакын суроо берилди. Жолугушуу эки сааттан узак созулду.

Маалымат үчүн: тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын “Технолог” окуу-практикалык борбору Япония Өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен  түзүлгөн. Долбоордун фонду 1 млн 423 миң АКШ долларын түзөт. 

Долбоордун максаты өндүрүүчүлөргө инновациялык жана заманбап технологияларды берүү жолу менен өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайын экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу  болуп саналат. Борбордо төмөнкүдөй 4 өндүрүштүк цех бар: этти кайра иштетүү боюнча, сүттү кайра иштетүү боюнча, нан жана кондитер азыктарын бышыруу боюнча, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча цех.

Аталган цехтерде Италиядан, Испаниядан жана Россиядан заманбап жабдуулар, ошондой эле төмөнкүдөй лабораториялар үчүн приборлор орнотулган: химиялык, микробиологиялык, сенсордук, компьютердик техника жана офистик эмерек. Зарыл болгон ишке берүү-жөнгө салуу иштери жүргүзүлгөн.

 

2013-жыл 3-апрель