Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым жергиликтүү соттордун судьялары кызматынан четтетилди

Бүгүн, 2013-жылдын 1-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын кызматынан четтетүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык:

Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Султанов Кушчубай Култаевичти жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу, ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилди.

Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Чырмашев Урмат Дуйшенбаевичти жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу, ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилди.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 1-апрель