Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Токтоназар Бердикеев Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2013-жылдын 1-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Т.Н. Бердикеев жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык:

Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча Бердикеев Токтоназар Нарыкбаевич өз каалоосу боюнча 2013-жылдын 1-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 1-апрель