Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев РФ Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шуваловду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 29-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан евразия интеграциясынын жолунда” эл аралык конференциясына катышуу максатында келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн  Төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шуваловду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө экономикалык кызматташуу маселелери, ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2012-жылдын сентябрь айындагы расмий сапарынын жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевдин 2012-жылдын декабрындагы  Бишкекке жасаган сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Игорь Шуваловду тосуп алып жатып Президент Алмазбек Атамбаев мындай деп белгиледи: “Евразия интеграциясы боюнча эл аралык конференцияга катышуу үчүн убакыт таап, сапар арытканыңызга абдан кубанычтуумун. Сиздин сүйлөгөн сөздөрүңүздү жаңылыктар лентасынын тааныштым. Биздин ойлорубуз менен максаттарыбыз дал келээрин белгилеп койгум келет.  Владимир Владимирович менен Дмитрий Анатольевичтин сапарларынын, Сиз менен өткөндөгү жолугушуулардын натыйжалары эки тараптуу мамилелерди керектүү нукка салууга көмөктөштү. Эми буга чейинки бардык макулдашуулар ишке аша баштайт деп ишенем”.

Президент ошону менен бирге Кыргызстан Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкактарында экономикалык интеграцияга умтулуп жаткандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Игорь Шувалов Россиянын Президенти Владимир Путинден жана Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевден салам жолдоп, мындай деп белгиледи: “Россия Федерациясынын жетекчилиги мага эл аралык конференцияга катышуу жана Россиянын Президентинин расмий сапарынын жүрүшүндө жактырылып жана кол коюлган эки тараптуу 4 макулдашуунун мамлекет ичиндеги жол-жоболорун аткаруу боюнча иштер жакын арада аяктааарын Сизге маалымдап коюу милдетин тапшырган”.

Игорь Шувалов ошону менен бирге Россия Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке тең укуктуу негизде кошулуу процессин активдүү колдоого алууга чечкиндүү экендигин белгиледи.

Жолугушуу учурунда  Кыргызстан жана Россия тарабынан өз ара пайдалуу ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар, тактап айтканда, «Манас» аэропортунун базасында транспорттук-логистикалык борбор түзүү маселеси тууралуу кеп кылышты. “Биздин өлкөлөрдүн транспорт министрликтери «Манас» аэропортунун базасында тарнспорттук-логистикалык борбор түзүү боюнча майнаптуу иш жүргүзүштү. Бул тууралуу биз Сизге маалымат берүүгө даярбыз”,- деп кошумчалады Игорь Шувалов.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын май айында өткөрүлө турган ОДКБнын саммитине даярдыктын жүрүшү жана Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадынын курулуштары жана пайдалануу алкагында электроэнергетика тармагында мындан ары кызматташуу маселелери дагы талкууланды.

 

2013-жыл 29-март