Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ала-Бука районунда жаңы аскер бөлүгүн ачууга катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 28-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ала-Бука районунда жаңы аскер бөлүгүн ачууга катышты.  

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы катары жаңы аскер бөлүгүнө Күжүрмөн Туу тапшырды, казармаларды карап чыкты жана аскер кызматчылары менен аңгемелешти.

Жеке курамдын алдында сөз сүйлөп, Мамлекет башчысы бүгүн өлкөнүн алдында Куралдуу күчтөрдү жаңылоо милдети тургандыгын белгиледи. “Бизге дасыккан жана жабдылган армия керек. Мамлекет армияны заманбап техника менен камсыз кылууга милдеттүү”, - деп белгиледи Башкы колбашчы.

“Мындан тышкары, биздин алдыбызда аскердик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселеси курч турат. Биз сапаттуу билим берүүгө жөндөмдүү, тарбиялоо ишине берилген, аскердик окуу жайларындагы терс көрүнүштөргө кайдыгер карай албаган офицерлерди колдообуз керек”, - деп баса белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Маалымат иретинде: Аскердик шаарчанын курулушу 2011-жылдын апрелинде башталган жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын эсебинен каржыланат. Аскердик шаарча төмөнкүдөй имараттардын бүтүндөй комплексинен турат: зардалдык-штабдык, окуу-спорт, турак жай имараттары, ашкана, коммуналдык жана кампалык курулуштар, ошондой эле күжүрмөн техника үчүн парк зонасы, аскер кызматынын башка объекттери.

 

2013-жыл 28-март